7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

317

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду.

Конституциялык мыйзам 2025-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган конституциялык мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 15-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу, майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн азайтуу максатында кабыл алынган.

Конституциялык мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

1) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан төгөт;

2) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына майыптыгы бар адамдарболуп саналган талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү майыптыктын тобун эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленет:
– III топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө;
– I жана II топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.

318