7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кредиттик компаниядан 200 миң сом алып, качып жүргөн жаран кармалды

1287

Кредиттик компаниядан 200 миң сом алып, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында Сокулук районунун аймагынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалган.

Шектүү жаран үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында чакан кредиттик компаниялардын биринин ишенимине кирип, жасалма документтерди берип, 200 000 сом акчасын алып, ошол боюнча из жашырып кеткени тууралуу ички иштер органдарына арыз түшкөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Үстүбүздөгү жылдын 12-март күнү Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Беловодск айылынан жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган. Ал КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган. Кармалган жаран Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1288