Күйөөсүн узатып чыкса, эки баласы үйдүн ичинен кулптап салган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балдардын апасы жолдошун жумушка узатып чыккан.
«Аламүдүн-1 кичирайонундагы батирлердин биринде эки баланын энеси күйөөсүн узатып көчөгө чыгып, кайра келгенде ал батирге кире албай калган. Жардамга куткаруучуларды чакырган. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар төрт мүнөттүн ичинде эшикти ачып, балдарды ата-энелерине өткөрүп беришкен. Медициналык жардам талап кылынган эмес», — деп берилет маалыматта.