Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан бир катар кылмыштарга аралашкан, анын ичинде алдамчылык аракеттери үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 32 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Малыматка ылайык, ал 2006-жылы өлтүрүлгөн кримавторитет Рыспек Акматбаевдин жакын тууганы болот.
«УКМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган А.Р. аттуу жаран Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын 1988-жылы туулган тургуну. Ал Бишкек шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 2016-жылдын жаз айларында А.Р. Бишкек шаарынын жашоочусунун ишенимине кирип, анын “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жиберип, 4 миң АКШ доллар өлчөмүндө материалдык чыгым келтирген. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ага издөө жарыялаган. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы кармалган жаранды Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына өткөрүп беришти. Учурда анын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу такталууда. Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп берилет маалыматта.