7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Криштиану Роналдунун эски сүйүктүүсү Ирина Шейк кантип атактуулукка жеткен?

628

Шайхлисламова Ирина Валерьевна эң белгилүү моделдердин бири. Ирина Шейк дүйнөнүн мыкты футболчусу Криштиану Роналдунун эски сүйүктүүсү болгон. Карапайым үй бүлөдө чоңойгон кыз кантип дүйнө жүзүнө таанылып, атактуулукка жеткен.

1. Моделдин балалыгы жокчулук менен өткөн.

Ирина 1986-жылы 1-июнда Орусиянын Челябинск облусунда жайгашкан Еманжелинск шаарында төрөлгөн. Атасы Валерий өмүр бою шахтер болуп иштеп, ал эми апасы Ольга музыка сабагынан мугалим болгон. Анын апасы орус болсо атасы татар улутунан болгон. Иринанын ата-энеси эки кызын багам деп ар кандай жумуштарда иштеген. 1996-жылы Шайхлисламовдордун үй-бүлөсүнүн жашоосунда чоң трагедия болгон. 14 жашында атасы өпкөнүн рак оорусунан улам каза болгон. Атасыз калган үй бүлө каттуу кыйналып, апасы эки жумушка иштегени туура келген. Шейк мектепте жакшы окуган. Ал сологой болгондуктан мугалимдер аны оң кол менен жазууга үйрөткөнү аракет жасашкан. Ошол учурларда окуудан бираз кыйналганын Ирина Шейк белгилеп кеткен.
Үй-бүлөдө ашыкча акча жок болгондуктан, 14 жашында оорукананын дубалдарын актап биринчи айлыгын алган. Биринчи акчасына өзүнө бут кийим алган. Азыр дүйнөлүк деңгээлдеги модель кээде жашоонун ушундай ритмин сагынганын айтат. Интервьюлардын биринде мектептен кийин ал апасына жардам берем деп өзүнүн бакчасында помидор, картошка жана бадыраң эгип сатканын билдирген.

Өспүрүм куракта сырткы келбети жакпай, комплекстери көп болгон. Ал арык, кара тору, бою узун болгондуктан аны көбүнчө фанера деп классташтары шылдыңдачу. Мектепти бүткөн соң колледжге маркетинг адистигине тапшырган. Ал жактан моделдик агенствадан кызды байкап кызматташууга чакырышкан.
Шейктин карьерасы өтө тездик менен өнүгүп, 18жашында жергиликтүү “Supermodel” сулуулук сынагында дебют кылып, 60 000 рубль утуп алган. Андан соң Москвадагы “Supermodel” сынагына чакырылган. Гия Джикидзе деген моделдик агентинин директору кызды байкап, ага жардам берген.

Шайхлисламов деген фамилия өтө эле узун болгондуктан “Шейк” деген псевдоним менен иштөөнү чечкен. Шейк Францияга көчүп, ал жактан моделдик карьерасын баштаган. Кыз бир топ убакыт бою подиумда басканды билбей кыйналып, англис жана француз тилдерин билбей ыйгайсыз абалда көп жолу калган. Модель күн сайын өзүнүн үстүндө иштеп, максатына жетиш үчүн баардык күчүн жумшаган. Учурда Шейктин жүзүн эң атактуу дүйнөлүк журналдардын беттеринен көрүүгө болот. Ал Vogue, Glamour, Maxim, Allure, Harper’s Bazaar жана Cosmopolitan журналдарына тартылган. Учурда аны менен дүйнөнүн эң мыкты бренддери келишим түзүүнү улантууда. Ал төмөнкү Armani, Guess, Lacoste компаниялардын өкүлү болгон.

Белгилүү модель португалиялык таланттуу футболчу Криштиану Роналду менен болгон сүйүү мамилеси тууралуу маалымат каражаттарына чыккандан кийин ого бетер популярдуулукка ээ болгон. Алар 2010-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилде кыз-жигит болушкан. Белгилүү Голливуд актеру Брэдли Купер орус сулуусун багындырууга жетишкен. Модалуу кечелердин бириндеги таанышуу тагдырга айланган. 2017-жылдын март айында Ирина Лиа де Сиен Шейк Купер аттуу кыз төрөгөн.

Ирина Шейк өзүнүн мекенине ар дайым жардам берип турат. Аакчасына аймактык оорукананын кээ бир палаталары оңдолуп, жетим балдар үчүн буюмдар сатылып алынып турат. Көптөгөн аялдар Иринадан үлгү алып, анын фигурасын идеалдуу деп эсептешет. Ал жумасына 3-5 күн машыгат.

Фактылар:
1. Жылдыздын бою 178 сантиметр, салмагы 55 килограмм.
2. Анын параметрлери 88-58-90.
3. Шейкте маркум чоң энесине арнаган татуировкасы бар.
4.Ирина бала кезинде музыкалык мектепте окуган.
5. Моделдин эң чоң жетишкендиктеринин бири — Victoria’s secret-2016 кийимдер шоусуна катышып, шоунун эң сулуу айымы деп табылган.
6. Шейк диета жана көнүгүүлөрдү унутпайт. Ал туура тамактанып, спорт менен машыккандыктан, төрөгөндөн кийин дээрлик дароо эле калыбына келген
7. Ал социалдык тармактарда көп убакыт өткөргөндү жакшы көрөт, ал жерде өзүнүн жазылуучулары менен керектүү маалыматтарды көп бөлүшөт.
8. Негизги сулуулук сырлары — сегиз сааттык дени сак уйку, көп суу жана сапаттуу тамак. Ал терисин ишенимдүү коргоону унутпайт, анткени ал күндүн алдында көп убакыт өткөрөт.
9. Моделдик карьерада эң оор нерсе – бул жогорку деңгээлдеги атаандаштык жана туруксуз айлык экенин белгилейт.
10. Ирина Шейк бала кезинде журналист болууну кыялданчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629