7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Крокустагы» теракт. Москва аэропортторунда абал туруктуу

532

Жалпысынан Москва аэропортторунда абал туруктуу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин 1-катчысы Бакыт Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын 51 жараны өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгон. Алардын Кыргызстанга учуп келүүсүн «Аэрофлот» авиакомпаниясы тарабынан уюштурулган. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринин маалыматына ылайык, учурда аэропорттордо кыргызстандыктардын топтолуусу байкалган жок. Элчилик аэропорттордогу кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда, абал салыштырмалуу туруктуу.

«Россия тарап Борбор Азиядан же айрым мамлекеттерден келген жарандарды өз аймагына киргизбөө боюнча эч кандай расмий билдирүү тараткан жок. Ошондой эле биз жарандардын Россияга баруусуна тыюу сала албайбыз. Болгону жарандардан Россия күчөтүлгөн режимди алып салмайынча сапарга чыкпай туруусун өтүндүк. Бул режим качан алынары азырынча белгисиз”, — деди тышкы саясий ведомствонун өкүлү.

533