7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кубан Мамбеталиев: Билим берүүнү Батыш системасына өткөрүү менен биз Батыш үчүн адистерди даярдап калдык

387

Белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын элчиси, профессор Кубан Мамбеталиев: Мектептик билим берүү системасын 12 жылдык тартипке өткөрүү менен биз Батыш тартибине жакындап жатабыз. Бир кезде жогорку билим берүүгө Болонья системасын киргизүү менен дагы Кыргызстан батыштык ыкмага өткөн, бирок тажрыйба көрсөткөндөй, аны менен биз Батыш үчүн адистерди даярдап калат экенбиз.

Ошол эле учурда советтик мезгилдеги билим берүү өтө сапаттуу болчу. Илимде дагы кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактаган эки тепкичтүү система Батыштагы PhD-системасынан артык экенин турмуш көрсөттү. Батышта PhD даражасын алгандар азыр Кыргызстанда кайрадан диссертация коргоого аргасыз. Ошондуктан, Орусия жасап жаткандай эле, кайрадан өзүбүздүн калассикалык эки тепкичтүү илим системасына кайтканыбыз жакшы деп ойлойм.

Акыркы экономикалык өзгөрүүлөргө кайрылсак, президент Садыр Жапаров жетектеген өкмөт экономикадагы мамлекеттин маанисин жогорулатып жатканы абдан туура. Мисалга, энергетика менен тоо-кен тармагы толугу менен мамлекеттин карамагында болгону жакшы, анткени ошондо гана бул тармактагы ишканалар жалпы коомдук кызыкчылыкты көздөйт. «Кыргызалтынды» болсо акционердик коом эмес, кайрадан мамлекеттик концерн кылууну сунуштайт элем…

388