7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кулак-мурду кесилген Асел мурдагы күйөөсү абактан коркутуп жатканын айтты

496

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү абактан жазып, коркутуп жатканын билдирди. Ал анын жазгандарын скриншот кылып соцтармакка жарыялады.

Анда Азамат Эстебесов эки жылдан кийин барарын, абактан качып чыкса болорун жазган. Ногойбаеванын жактоочусу Индира Саутова жабырлануучу Атайын прокуратурага арыз менен кайрылганын айтып, коркутуулар кечээ кечинде башталганын кошумчалаган.

«Атайын прокуратурадан смс билдирүүлөр боюнча текшерүү жүргүзүүнү талап кылабыз. Бул түздөн-түз коркутуу деп ойлойбуз. Абактагы киши ал жактан кантип чыгарын жазган. Соттун өкүмү чыкканына эки ай өттү. Мамлекет жабыркаган жарандын коопсуздугун камсыз кыла албай жатат», — деген жактоочу.

Эске салсак, былтыр сентябрда Асел Ногойбаева Сокулуктагы үйүндө мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилип, бычакталган. Азамат Эстебесов 20 жылга кесилген.

497