Талас облусунунун Казакстан менен чектешкен аймагында мыйзамсыз мал ташып келе жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
4-июлда Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги Көл-Жайлоо тоолуу аймагында 432 баш майда жандыкты Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташып келеткан Талас районунун үч тургуну кармалган. Ушул тапта иликтөө иштери жүрүүдө.