7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кулубаев ШКУ мамлекеттеринин ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышты

30

Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле ШКУнун күн тартибиндеги коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.

Сөзүнүн башында Жээнбек Кулубаев кытайлык кесиптешинин ШКУга натыйжалуу төрагалык кылуусун колдоп, Кыргызстан ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктоочу документтерин кабыл алууну колдоого даяр экенине ишендирди.

Коопсуздук тармагында Жээнбек Кулубаев терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, ошондой эле Уюмдун мейкиндигинде коопсуздукка жаңы салттуу эмес жана гибриддик чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө тараптардын активдүү кызматташуусун улантуу зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу Кыргызстандын ТИМ башчысы Аймактык антитеррордук түзүмдүн потенциалын күчөтүүнү жактап, Бишкекте ШКУнун Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнүн актуалдуулугун белгиледи.

Өз сөзүндө тышкы саясий ведомствосунун башчысы Уюмдун алкагында экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун, анын ичинде ШКУнун Өнүктүрүү банкын тез арада түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жээнбек Кулубаев ошондой эле Тышкы иштер министрлер жыйынынын катышуучуларына Уюмдун 25 жылдыгына туш келген 2025-2026-жылдары ШКУга төртүнчү төрагалык кылууга кыргыз тараптын даярдыктары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Чолпон-Ата шаары 2025-2026-жылдары ШКУнун маданий жана туристтик борбору деп жарыяланды.

Сөзүнүн аягында тышкы иштер ведомствосунун башчысы ШКУнун кезектеги төрагасы катары Кыргызстан бардык мүчө-мамлекеттердин катышуусу менен Уюмдагы ишмердүүлүктүн динамикасын колдоону жана жогорулатууну пландап жатканын белгиледи.

31