7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кулун ата» базарында ижара акысы 30%га чейин төмөндөтүлөт

603

«Кулун Ата» базарынын соодагерлер профсоюзунун төрагасы Р.Исамидинованын интернет булактарына жарыяланган кайрылуусу эске алынып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кулун ата» базарынын жетекчилиги жана «Кулун ата» базарынын соодагерлери КР УКМКга чакырылып, анын жүрүшүндө ижара баасы мурда 10%га арзандатылганы аныкталып, бул өз кезегинде соодагерлердин нааразычылыгын жараткан.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча, видео кайрылуу жасаган адамдардын талаптары толугу менен канааттандырылган, ал эми базардын администрациясы соода жайларынын ээлери үчүн да, кошумча ижарачылар үчүн да ижара акысын төмөндөтүүгө даяр экендигин билдирди, бул жалпысынан соодагерлердин ижара акысын 15тен 30%га чейин төмөндөтөт.

604