7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кулунду айыл аймагында атайын кызматтын бөлүмү ачылды

343

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында атайын кызматтын 6-аймактык бөлүмүн ачты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ачылыш аземине атайын кызматтын жергиликтүү бөлүмүнүн өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып бул аймакка атайын бөлүм ачуу зарылчылыгы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында келип чыкканын белгиледи.

«Кыска убакытта курулушун аяктап, пайдаланууга тапшыруу тапшырмасы урматтуу президентибиз Садыр Жапаров тарабынан коюлган болчу. Эми бардык керектүү шарттар түзүлгөн бул жаңы имаратта өзүңөрдүн мамлекетибиз, элибиз алдындагы милдеттериңерди татыктуу улантышыңар зарыл экенин дагы бир жолу эскертемин…», — деди ал.

Аймактык бөлүмдүн курулушу ушул жылдын август айында башталып, ноябрь айынын акыр ченинде толугу менен бүткөрүлгөн. Кызматкерлер үчүн заманбап бардык шарттар түзүлгөн.

Аймактык бөлүмдү куруу зарылчылыгы Лейлек районунун географиялык абалынын шартына байланыштуу жаралган. Коопсуздукту камсыз кылууда ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн эми кызматкерлерге толук шарттар түзүлдү жана талаптар күчөтүлдү.

344