7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кумтөр» компаниясынын өткөн айдагы кирешесинин 0,6%ы «Нарынды өнүктүрүү фондуна» которулат

768

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен КРнын Финансы министрлигинин борбордук казыналыгында ачылган “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушууда Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жылдык дүң пайдасынын 0,6%ы бөлүнүп турарын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769