7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр: Калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбооруна старт берилди

304

“Кыргызалтын” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбооруна расмий старт берди. Бул чечим өндүрүштү жогорулатуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт.

Абдраимов белгилегендей, бул — Кыргызстанда алгачкы жолу ишке ашырылып жаткан, татаал жана технологиялык жактан өтө маанилүү долбоор.

Дүйнөлүк тажрыйба эске алынмакчы. Долбоордун өзөгүн калдык сактоочу жайды кайра иштетүүчү комплекстин курулушу түзөт. Курулуш процессинде экологиялык тең салмактуулук, коопсуздук жана аймактын өзгөчөлүктөрү тыкыр сактала тургандыгы белгиленди.

Бул кадам – Кумтөрдөгү ресурстарды максималдуу пайдалануу менен, өлкө экономикасына кошумча салым кошуу аракети катары бааланып жатканы айтылды.

305