Тенгиз Бөлтүрүк кайрадан кечээ чыга калып, Кумтөрдү жана кадр маселесине баа берип, өзүн “квалификациялуу адис” катары көрсөтүптүр. Бирок чындыгында анын посту жалган, манипуляциялык жана коомду дүрбөлөңгө салуу максатындагы заказной провокация экени көрүнүп турат. Бул тууралуу Тимур Саралаев
фейсбукка жазып чыкты.
(Текст өзгөртүүсүз берилди)
Сөзүм кур болбош үчүн анын ишмердүүлүгүн 5-6 багыт боюнча эле кыскача төмөнкү фактылар менен айта кетейин:
1. 42 млрд сом салык төлөм болгон деп мактанганы абдан чоң калп.
2022-жылы Кумтөр бюджетке 36 млрд сом гана төлөгөн, алар: 16 млрд түз салык, 3,3 млрд аванс жана 12,8 млрд мурдагы жылдар боюнча кошумча төлөм (2015-жылдан бери Центерра төлөбөгөн салык, аны өкмөт төлөткөн).
2. Компания оор мезгилде турганда 55 мин доллардык айлыктан тышкары Бөлтүрүк 100 000 долларлык премияларды өзүнө-өзү жаздырган. Өзүнө өзү, элестеткиле. Айлыкка муктаж жумушчуларды ойлобой, өзүнүн гана камын көргөн.
3. Өзүнүн жакын адамдарына артыкчылык берип, аялын, балдарын, ойношун, керек болсо ойношунун балдарын, балдарынын досторуна чейин кызматка алып, тааныштарына чейин негизсиз жумуш берип, кызматкерлердин санын 37% көбөйткөн. Миңге жакын адамдын баары — өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген “клан” болуп калган. Азыр так ошолор социалдык тармакта Бөлтүрүктү айга-күнгө теңеп мактап жатат. Бир эле мисал, анын чет өлкөлүк “гений” кеңешчилери 90 млн сомго жакын чыгым калтырган.
4. Динара Кутманова боюнча да айтпасам болбойт.
Бөлтүрүк ага Кумтөрдүн эсебинен Toyota Land Cruiser 200 белек кылган жана компаниянын баштаган долбоорлорунун көбүн ага өткөрүп берген. Бул ресурстарды жеке кызыкчылык үчүн колдонуу, кызматтык абалды жемкорлукка айлантуу деп эсептесе болот, анткени ортодо чоң кызыкчылык болгон.
5. Алтындын баасы боюнча да айтайын. Бөлтүрүк унциянын баасын 3000 доллар деп калп айтып, ышкыртып коомду адаштырууда. Чындыгында, 2021-жылы унция 1152 доллар болсо азыр деле ошонун айланасында ( анча-мынча өзгөртүп турат, энергия, мунай, логистика жана геосаясий процесс себептерден улам).
6. 17 тонна алтын чыгаргам деп мактанат, бирок ошол мезгилде бай рудаларды ченемсиз колдонуп, келечекке абдан чоң зыян келтирген. Кыска мөөнөттүк өндүрүш көрсөткүчү үчүн кенди “өлтүргөнгө” аз калган, анын кесепетин кен азыркы күнгө чейин тартып жатат, ошондон улам алтындын көлөмү азыраак чыгып, кийинки жылдардын 5-6 тоннасын алдын ала казып алган.
Бөлтүрүктүн кенди — жоопкерчиликсиз башкарып, бай рудаларды жок кылганы, жакын адамдарга артыкчылык бергени жана чет өлкөлүк кеңешчилердин зыяндуу чечимдеринен улам Кумтөргө эбегейсиз финансылык зыян келтирилген. Бөлтүрүктүн “кадр жетишсиздиги” тууралуу сөздөрү жөн гана коомду манипуляциялоо. Кадрлар жетиштүү, кен сопсонун иштеп жатат. Ал сын айтаардан мурун чындыгында Кумтөрдү сызга отургузуп: өзүнүн премиялары, ойноштору, балдары, аялы, достору жана жакындары жөнүндө айтып берсин.