7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курултайда эң көп көтөрүлгөн маселелерге президент Садыр Жапаров кенен жооп берди

16
Мектеп жана ипотека: Элдик курултайда эң көп көтөрүлгөн маселелерге президент Садыр Жапаров кенен жооп берди.
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду. Бул суроолорго президент Садыр Жапаров кеңири жооп берип, 12 жылдык билим берүү системасы, демографиялык өсүш жана МИКтин баа саясаты боюнча түшүндүрмө берди.
— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич?
— Саламатчылык!
— Өткөн IV Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер боюнча суроо узатсак. Жарыш сөзгө чыккан делегаттар тарабынан эң көп айтылган көйгөйлөрдүн бири — мектептердин жетишсиздиги болду. Айрым класстарда 40–50 окуучу билим алып жатканын айтып, бул маселени чечип берүүнү суранышты. Мындай жагдай 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуубу?
— Жок, бул 12 жылдык билим берүүгө эч кандай тиешеси жок.
Муну буга чейинки маектеримде да бир нече жолу белгилеп келгем. Бул маселе 12 жылдык билим берүү киргизилгенге чейин эле бар болчу.
Мисалы, мурдагы жылдары 1–2-класстарга 140–150 миңдей бала кабыл алынса, 2025-2026-окуу жылына карата Э-Күндөлүктүн маалыматы боюнча 1-класс — 106015, 2-класс — 124 593 окуучуну түздү.
Мисалга алсак, 2015-жылы окуучулардын саны – 1 043 356 болсо, 2025-жылы, 10 жыл аралыгында окуучулардын саны 1 536 633гө жетип, демографиялык өсүштө окуучулардын саны 500 миңге өстү.
Бул мамлекеттеги демографиялык өсүш, ошондой эле ички миграциянын агымынын шаардык борборлорго жогорулашынан, айрыкча, шаарларда кошумча мектептерди, бала бакчаларды куруу маселеси пайда болду.
Учурда бул багытта пландуу иш алып барып жатабыз. 2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлдү.
Анын ичинен 60 мектеп, 28 бала бакчасынын курулушу, ал эми 41 мектеп, 5 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрдү.
Мындан тышкары, 16 мектеп, 13 бала бакчанын (29 объект) курулушу ар кандай каржы булактардан (өнүктүрүү фонддор, жергиликтүү бюджет, демөрчүүлөр ж.б.) каржыланды.
Жалпы республика боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактардан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объектиси бүткөрүлдү.
2022-жылы Бишкек шаарында 15 мектеп курулган болсо, жаңы жылда ордо калаабызда 20 мектеп, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 мектеп салынат. Мектептердин курулушу февраль айында башталып, сентябрь айында бүткөрүлөт.
Дал ушул үч шаарда мектептерге муктаждык көбүрөөк болууда.
Ошентип, бул маселе этап-этабы менен чечилет.
Мындан сырткары, учурда жалпы өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча бар.
2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп турабыз.
Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы.
Биринчиден, бүткүл дүйнөлүк стандарт, экинчиден, билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы болуп жатат. Заман талабы катары бүткүл дүйнөлүк эмгек рыногу менен билим берүү мейкиндигиндеги айкалыштан биз артта калбашыбыз керек. Коңшу өлкөлөрдөн учурдун талабына ылайык, бул процесске бизге чейин өткөнү да, учурда өтүп жаткандары да бар.
Бизде 2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү аттестат алышат. Болбосо мектепти аяктаган балдарыбыз, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келбегендиктен, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болуп жатышат.
12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча өзгөчө зарылдык жаралды.
Бул — глобалдык талап. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кире албай, дүйнөлүк эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоодон өксүдүк. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк экономикада теңтайлаша турган адам капиталын даярдоо өтө маанилүү. 10-11 классттык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал пландык-командалык экономиканы тейлөөгө багытталган. Учурда рынок экономикасына атаандаш боло алган адисттерди даярдоо — бул заман талабы, андан артта калбашыбыз керек. Эрте кесипке ээ болгон система.
— Делегаттар тарабынан көтөрүлгөн дагы бир маселе — Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан салынып жаткан турак жайлар тууралуу болду. Айрымдар, айрыкча мигранттар, МИК батирлеринин баасы жогору экенин айтышты. Батирлердин баасын төмөндөтүү же кошумча социалдык категорияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралабы?
— Биз бул жерде келечекти карап жатабыз.
Биринчиден, МИК аркылуу берилген турак жайлар 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет. Мисалы, Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кезекте турган жарандар үчүн батирдин 1 чарчы метринин баасы курулуш жайгашкан районуна жараша 900 доллардан 1 000 долларга чейин “Социалдык”, “Жеңилдетилген” жана “Арзан” ипотека багыттары боюнча берилет.
“Социалдык ипотека” (жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын камкорчулары) жана “Жеңилдетилген ипотека” (мугалимдер, дарыгерлер, жалпысынан мамлекеттик бюджеттен айлык алган жарандар) багыттары боюнча жылдык 4 % менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат. Ал эми “Арзан ипотека” (жеке тармакта иштеген жарандар) багыты боюнча жылдык 8% менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат.
“Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1 000 АКШ долларынан 1 400 АКШ долларына чейин (“Под ключ”).
Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк болсо, “элитный” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот.
Белгилүү болгондой, үлүштүк негиздеги батирлер негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештер үчүн сунушталат. Бул механизмде жарандар турак жай кезегине турбайт, анткени батирдин наркынын 50 %ын алгачкы төлөм катары дароо төлөшөт. Калган бөлүгү 15 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөнөт.
Базардагы бааны ала турган болсок, ошол эле райондогу жаңы курулуп жаткан, ремонту жок (котлован деңгээлиндеги) турак жайлардын 1 чарчы метри 2 000-3 000 долларга чейин жетет. Ал эми МИКтин объектилери “под ключ” системасында, толук бүткөрүлгөн абалда кыйла жеткиликтүү баада сунушталууда.
МИК батирлерди өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз. Антпесе азыркыдай машстабдуу курулуштарды жасай албайт элек. Кезекте туруп батир алгандардын да, кезексиз жарым акчасын дароо төгүп үлүштүк негизде батир алгандардын да акчалары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн башка жаңы обьектилерди улантуусуна жардам болууда.
2025-жылдын жыйынтыгы менен 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн. Учурда республика боюнча жалпы 80 245 батир курулууда, алардын жалпы аянты 5,4 млн чарчы метр.
2026-жылы республика боюнча жалпысынан 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде: Бишкек — 6 323, Чүй облусу — 3 129, Манас — 3 219, Ысык-Көл — 2 266, Ош облусу — 1 458, Ош шаары — 1 454, Баткен — 1 420, Нарын — 433, Талас — 319 батир.
Ошентип, биз узак мөөнөттүү максаттарды көздөп жатабыз. МИКтин программасы аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай калат.
Бүгүнкү күндө компания миллиарддаган уставдык капиталы бар ири институтка айланды. Азыркы уставдык капиталы — 87,5 млрд сом, келечекте 200 миллиард сомго жеткиребиз деп турабыз.
Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания бат эле банкрот болуп калмак. Анткени 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш. Ошондуктан баа саясаты ушундай болуп жатат.
Ошого карабастан, мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн батирлерди азыркыдан да арзаныраак берүү маселесин кошумча талдап көрөбүз.
Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев
17