7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курултайда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын ишке киргизүү маселеси көтөрүлдү

399

Нарын районунан келген делегат Таалайбек Осмонов Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын ишке киргизүү маселесин көтөрдү.

Ал учурда райондун аймагында көптөгөн инвестициялар тартылып, ишканалар ачылуу астында турганын белгиледи. Ошондой эле далагет анын артында 1,5 миң жумуш орду түзүлүп жатканын айтты.

«Ишканаларды жумушчулар менен камсыздоо жана миграция маселесин токтотуу максатында Нарын районунун борборунда жана айыл жерлеринде жаштарга бөлүнүп берген жер тилкелерине көп кабаттуу ипотекалык турак жайларды куруу маселесин карап берүүнү суранабыз.

Ошондой эле өлкө жетекчилигинин чечими менен 30 млн сомдук бетон-мамы чыгара турган чакан ишкана ачылып, азыр эскилиги жеткен электр мамылары жаңысына алмаштырылууда. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ири киреше алуу үчүн Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын ишке киргизип берүүнү суранабыз», — деди ал.

Делегат сөзүнүн соңунда Нарын району тоолуу аймакка киргендиктен айыл чарба жана мал чарба кооперативдерин уюштурууга ишкерлерди колдоо үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыя берүүнү суранды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

400