7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуп жаткан «ПП» турак үйүнүн жер төлөсү мамлекетке өткөрүлдү

283

Курулуп жаткан «ПП» турак үйүнүн жер төлөсү (цоколдук жайы) мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

1990-жылы Кыргыз ССР эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин чечими менен СМУ-8ге Бишкек шаарынан аянты 0,521 га болгон жер тилкеси спорттук эс алуу комплексин курууга берилген.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен белгиленген тартип сакталбастан, 0,1462 га аянтты ээлеген бул жер тилкесинин бир бөлүгү «Факел» ААКтын балансына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген, бирок өткөрүп берүү учурунда аталган ишкананын «мамлекеттик ишкана» макамы жокко чыккан.

Бир катар сатуу иштеринен кийин, 2022-жылы аталган жер тилкесин «ПП» ЖЧКсы алып, учурда бул участокто 5 кабаттуу турак жайдын курулушу бүткөрүлүүдө.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 50 миллион 616 миң сомду түзгөн.

284