7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш агенттигинин кызматкерлери кармалды

769

Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мамлекеттик курулуш агенттигинин борбордук аппаратынын өкүлүнө Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы У.Н. жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери Ж.Т.ны мыйзамсыз бошотуу демилгесин көтөрүү үчүн 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалышты.

Алар райондук башкармалыктын башкы бухгалтерин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн мыйзамсыз аудиттик текшерүүнү жүргүзүп, каралоо жолу менен кызматтан алуу максатында кайрылган.

6-сентябрда курулуш агенттигинин кызматкерлери пара берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

770