7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кутман таң, окурман! Кол чатырды колго алып, жылуу кийинип чыгыңыз

612

14-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6… + 11 градус, күндүз + 16…+21.

Таласта түнкүсүн + 3… + 8, күндүз +14…+19.

Баткен облусунда түнкүсүн +6… + 11, күндүз +20… + 25.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… + 12, күндүз +21…+26.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +1… + 6, күндүз +11 … +16 градус болот.

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз + 15…+20.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +19…+21 градус.

613