Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +23…+25 градуска көтөрүлөт.