Бүгүн, 13-ноябрда өрөөндөрдө мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Талас, Нарын аймактарында +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл жергесинде +5…+10 градус жылуу болот.
Ал эми, Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлсө, Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, ала булут каптап турат. Абанын температурасы +8…+10 градус болот.
Жылуу кийинип чыгыңыз, окурманым!