Ишембиде күндүз күн ачык болгону менен жолдор тоңуп, тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө +2…+7, Талас аймагында +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12 градус жылуу болот. Ал эми Нарын өрөөнүндө 0…-5 градус суук болушу ыктымал.
Күндүн табы борбор калаада +5…+7, Ош шаарында +10…+12 градуска жетет.