7-март, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймагында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +4…+9, Талас аймагында +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарын өрөөнүндө 0…+5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +6…+8, Ош шаарында +8…+10 градусту көрсөтөт.