Бүгүн, 13-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Ал эми тоолуу райондордо карга айланат. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16 градус жылыйт.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +8…+10 градус болот.
Суук түшүп калды, жылуу кийинип ден-соолугуңузга кам көрүңүз