7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кутманова: Кумтөрдөгү мөңгүлөргө 25 унаа көмүлгөн дешет, табуу керек

837

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова «Кумтөр» кенинен жаңы үрөй учурган жаңылыкты жана канадалыктар тарабынан жол берилген бузуулар тууралуу фактылар жөнүндө билдирди.

Ал кен байлыктын тазалоочу курулмалардын ар кайсы жерине таштандылар – химиялык түзүлүштөрдүн контейнерлери, цианиддер, май чүпүрөктөр, инженердик тетиктердин калдыктары (тралдар, экскаватор чакалары, тетиктер ж.б.) көмүлгөнүн билдирди.

«Кызматкерлердин айтымында, 25 унаа көмүлгөн жана аларды табыш керек. 2012-жылы мен мөңгүлөрдө пайда болгон кара тоолорду көрүп нес болгом. Буга чейин мөңгүлөргө 1 млрд тоннадан ашык таштандылар төгүлгөн. Мен мындай уятсыздыктан таң калгам, эми кайра нес болуп отурам. Эмне дешимди билбей турам! Центерраны коргоп жаткандарга дагы кандай факты керек? Канадада ушундай кылууга уруксат берет беле? Эми биздин укук коргоо органдары экологиялык мыйзам бузууларды аягына чейин чыгарып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартып, келтирилген зыяндын токтоосуз ордун толтуруш керек!», — деп жазган ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

838