7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куттуктайбыз! Айпери Азиянын эки жолку чемпиону болду

600

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 76 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдан баштап катышып, индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып, финалга чыкты.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык спортчуну 10:7 эсебинде ишенимдүү утуп, алтын медаль тагынды.

Ошентип Айпери Медет кызы өз карьерасында Азиянын эки жолку чемпиону аталды.

Спортчу буга чейин 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда өткөн XIX жайкы Азия оюндарында биринчи орунду ээлеген.

601