7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Куюнда каза болгондордун саны 100гө жетти». Жапаров АКШ элине көңүл айтат

878

Өлкө башчы Садыр Жапаров АКШнын президенти Джо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

“Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-декабрда АКШнын чыгыш тарабын, анын ичинде Иллинойс, Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарын бороон каптаган. Жаратылыш кырсыгы Кентуккиде 100 кишинин өмүрүн алган, ошондой эле Теннессиде үч жана Иллинойсто алты адам каза тапты. ЖМКлардын жазышынча, Иллинойстогу Amazon компаниясынын кампасында кишилер иштеп жатканда куюн учуруп кеткен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

879