7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап, электр жарыгы өчүп калып каза болду

1070

Электр жарыгы өчүп калып кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап каза болду. Бул тууралуу Асел аттуу жаран Tвиттер баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап генератор иштебей калгандыктан тумчугуп каза болду.

«Апама кесиптеши каза болгонун айтышты. Ал кычкылтек аппаратына туташтырылган экен. Электр жарыгы өчкөндө генератор иштебей, ал тумчугуп калган. Электр жарыгын өчүрүү — бул кечки ондон кийин уктоого даярдануу эмес…», — деп жазган ал.

Бул боюнча «Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасынын маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

«Медициналык мекемелердин жандандыруу, хирургия бөлүмү сындуу биринчи категорияга кирген объектилерге электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет. Аларды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлгө алынган», — дешти.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык мекемелердин трансформаторуна чейин электр энергиясын жеткирүү Энергетика министрлигинин милдети. Ал эми ал жайлардагы трансформатордун иштеши жана кошумча генератор менен камсыз кылуу мекеменин администрациясынын жоопкерчилигинде.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1071