Оштогу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртууга 6 млн. долларлык иштер жасалат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк «Сулайман-Тоого» тарыхый-археологиялык музей комплексине 4 млн. доллар, ал эми «Өзгөн» археологиялык-архитектуралык музейине 2 млн. доллар каражат бөлдү. Бул долбоор туристтерди, меймандарды жана зыяратчыларды сапаттуу тейлөө максатында кайра жаңыртуу жана оңдоп-түзөө иштерине багытталат.
Учурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып, алар менен биргеликте тыгыз иштөө «Сулайман-Тоо» комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилген.
Долбоорду ишке ашыруу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана КРдин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун чегинде жүргүзүлөрү айтылды.
Эскерте кетсек, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун материалдык маданий мурас тизмесине 2009-жылы киргизилген.