Электрондук чылымды (вейп) толтурууга керектелген «гашиш майын» аткезчилик жол менен ташып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган Чүй облусунун К.Ф аттуу жараны кармалып, шектүү жарандан ичинде белгисиз суюктугу бар айнек флакондор жана «saucey» деген жазуусу бар, өзгөчө жытка ээ сары түстөгү капсула түрүндөгү түтүкчөлөр табылган.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында, жогорудагы шек жараткан зат «гашиш майы» экендиги аныкталган.
Ал эми кармалган шектүү жаранга Жазык кодексинин 270-беренесине ылайык (Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн атайын эрежелер белгиленген каражаттардын аткезчилиги) кылмыш иши козголуп, №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.