7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде жаш балдар кармалып, маркумду кантип өлтүрүшкөнүн көрсөтүп беришти

961

Ноокенде шектүүлөр кармалып, маркумду кантип өлтүрүшкөнүн көрсөтүп беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери 102 номерине чалган. Ал  Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада, Ноокен районунун тургуну 1973-ж.т. Ж.М. аттуу жарандын жансыз денеси жаткандыгын билдирген.

Бул факты ошол эле күнү Ноокен РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургундары 2002-ж.т. А.Ж. жана 2005-ж.т. К.А. кармалышкан. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен.

Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, А.Ж. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми К.А. жашы жете өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

962