7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылымдык тарыхы бар түрк кофеси

708

Салттуу түрк маданиятында түрк кофесинин өзгөчө орду бар. Түрк кофеси кылдат даярдоо ыкмасы, каңылжаарды кытыгылаган жыпар жыты, көңүлдү ачкан кооз көбүктүү көрүнүшү менен дүйнөгө белгилүү. Түрк кофеси өзгөчө даамы жана салттуу баалуулугу менен 2013-жыл, 5-декабрда ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Түрк кофесинин ЮНЕСКОнун тизмесине катталган күн, 5-декабрь «Бүткүл дүйнөлүк түрк кофесинин күнү» катары жыл сайын белгиленип келет.

КЫЛЫМДЫК ТАРЫХЫ БАР ТҮРК КОФЕСИ


Кофе Түркияга алгач Йемен аркылуу Осмон султаны Кануни Сулеймандын (1520-1566) тушунда келген. Болжол менен 16-кылымдын орто ченинде Стамбулда коомдук кофеканалар ачыла баштаган. Кофе ичүү түрктөр арасында тез эле популярдуу болуп кеткен. Кофе ичүү маданиятын өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган. Муну менен катар түрк кофесин Европага сатып тирилик кылган соодагерлер да көбөйгөн.

ТҮРК КОФЕСИ ЭМНЕСИ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨ?


Түрк кофеси башка кофелерден өзгөчө майдалыгы, кургактыгы менен айырмаланып турат. Төө бурчактай болгон кофелер алгач порошок сыяктуу майдаланат. Андан соң майдаланган кофенин үстүнө кайнак суу куюлат. Бир аз дем жеген соң, тунарган кофе конокторго берилет. Түрк кофеси кылымдар боюу мына ушундай ыкма менен даярдалып келет.

УНИКАЛДУУ КОМПОНЕНТ

Түрк кофесинин дагы бир уникалдуу компоненттеринен бири — бул анын сервиси. Башка айтканда конокко берүү ыкмасы. Түрк кофеси кичинекей чөйчөкчөдө суу жана локум менен кошо берилет.
Локум – бул түрктөрдүн эң белгилүү татууларынын бири. Муздак суу тамакты тазалап, кофенин накта даамын сездирсе, момпосуй тилди таттуу кылат.

ТҮРК КОФЕСИНДЕГИ 40 ЖЫЛДЫК ЭЛЕС
Түркияда “Кофеде кырк жылдык элес бар” деген кеп бар. Жакын, дос, тууган жана тилектештер ортосунда жылуу сөз жана жагымдуу күнгө старт дал ушул түрк кофесинен башталат. Үй ээлери келген коноктордон алгач эле кофе ичип, ичпейтурганы сурашат.

КОФЕКАНАЛАРДА КАЙНАГАН ТУРМУШ


Бүгүнкү күндө кофеканалардагы комфорт атмосферада жай баракат отура ой-пикир алышуу, идеяларды талкуулоо, жакшы тилек, бийик максат, кыялдар жана пландар түзүү модерн жашообуздун ритуалына айланды. Мындайча айтканда кофе мамилелерди чындоо жана достукту бекемдөөнүн символу катары кабыл алына баштады.
Түркияда күйөө бала ата-энеси менен кыздын колун сураганы келгенде болочок келин кудаларга түрк кофесин жасап берет. Уламыштарда эгер кыз жигитке турмушка чыккысы келбесе, канттын ордуна кофеге туз кошуп берет деп айтылып келет.

КОФЕ ТӨЛГӨ ДЕЛГЕН КАДИМКИ САЛТ
Түрктөрдө кофе төлгө деген салт да бар. Кофе ичилгенден кийин чынысын тескери оодарып, тартылган формалар түрдүүчө чечмеленет. Бул романтикалуу жана фантастикалык салт да түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгүп болуп сакталып келе жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709