7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз элинин “Жардам кербени” Казакстандын Жамбыл облусунун аймагында

633

6-апрелде таң эрте Казакстандын чек арасына кирген кербен Жамбыл облусунда жол улады.

Суу каптоодон жабыркаган казак боордошторго Президент Садыр Жапаров  жардам көрсөтүүнү демилгелеген.

Аны жеткирүү вазыйпасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлүп, 15 оор жүк ташуучу  унааны ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов баштаган куткаруучулар коштоп бара жатат.

Жабыркаган казак элине күрүч, кумшекер, тез даярдалуучу кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, матрац жана чатырлар жеткирилмекчи.

Учурда Казакстандын ИИМ кызматкерлери  Кыргыз кербенин коштоодо.

 

634