7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз футбол биримдиги Сергий Пучков менен эмгек келишимин токтотту

384

Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу Сергей Пучков менен түзүлгөн эмгек келишими токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Бүгүн биримдиктин техникалык комитетинин жыйыны орун алып, анда Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын Азия кубогундагы оюну боюнча башкы машыктыруучусу Сергий Пучковдун отчету угулган.

Комитетке төрагалык кылган Дастан Конокбаев башкы машыктыруучу менен эмгек келишимин токтотуу маселесин аткаруучу комитеттин кароосуна жөнөткөн.

Онлайн форматта өткөн аткаруучу комитетинин отурумунда Азия кубогундагы начар жыйынтыкты эске алуу менен кабыл алынган чечимге ылайык, Сергий Пучков өз кызматынан бошотулду. Башкы машыктыруучу менен бирге машыктыруучулук штабы дагы кызматтан четтетилди.

Белгилей кетсек, Сергей Пучков жаштар курамасынын машыктыруучусу болуп былтыр декабрь айында дайындалган.

385