7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети акимдин орун басарлары кызматтан кетти

247

7 акимдин орун басарлары кызматынан кетти. Дагы 7 акимди бошотуу сунуштары президенттин кароосуна жиберилди. Мындай чечим бүгүн «Ынтымак Ордодо» өткөн президенттин администрациясынын коллегиясында кабыл алынды.

Кызматынан кеткен аткаминерлер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн дисциплинардык жазалар колдонулду:

Кызматынан кол жууган акимдин орун басарлары:

— Таалай Ибраимов – Баткен районунун акиминин биринчи орун басары;

— Кишимжан Кыдырова – Баткен районунун акиминин орун басары;

— Мээрихан Асанова – Кадамжай районунун акиминин орун басары;

— Айна Нават кызы – Токтогул районунун акиминин орун басары;

— Туратбек Кулешов – Нарын районунун акиминин биринчи орун басары;

— Адилет Жолдошев – Талас районунун акиминин орун басары;

— Маматиса Кокоев – Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары.

Ошондой эле, номенклатурага ылайык президент Садыр Жапаровдун кароосуна 7 акимди кызматынан бошотуу сунуштары киргизилди:

— Учкунбек Жоробаев – Баткен райондук администрациясынын башчысы – аким;

— Мирлан Карагулов – Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

— Сейтек Кулубаев – Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

— Жакыпбек Субагожоев – Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

— Мунарбек Насиров – Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

— Нургазы Нармырзаев – Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

— Досмамбет Жээнбеков – Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.

 

248