7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз футбол курамасы кайрадан ТОП-100гө кирди

814

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде кайрадан алдыңкы жүздүккө кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Эске салсак, команда Азия кубогундагы жеңилүүлөрдөн кийин 104-орунга (февралда) түшкөн. Андан кийин улуттук курам 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тайбэй командасын эки жолу жеңген.

4-апрелде FIFA уюмунун расмий сайтында футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги чыкты. Ага ылайык, Улуттук курамасы, төрт позицияга көтөрүлүп, 1213,6 упай менен 100-орунду ээледи.

Азия футбол конфедерациясынын аймагында да төрт тепкич жылып, команда 17-орунда турат.

815