Кыргыз-казак чек арасынан 60 килограмм баңги зат алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин чек арачылары кызматтык итти колдонуп, “Тойота Прадо” унаасынан өзгөчө жыты бар ак боз зат салынган таңгактарды Кыргызстандан Казакстанга өткөрүү пунктунан тапкан.
«Конфискацияланган нерсе кошумча иликтөө үчүн УКМКнын Жамбыл облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. 11-декабрда экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат 60 кг 370 грамм салмактагы героин экендигин көрсөткөн. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эгерде баңги заттарын мыйзамсыз саткан деп айыпталса, шектүү 15 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле анын үй-мүлкү конфискацияланууда», — деп берилет маалыматта.