7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат

300

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат. Бул тууралуу президент  Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүүсүндө айтты. Президенттердин жолугушуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча жол картасынын аткарылышы каралды. Анда 2003-жылдагы өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколуна кол коюлду.

«Бул демилгелер ийгиликтүү ишке ашса, соода жүгүртүүлөрүбүз 2030-жылга чейин 3 миллиард АКШ долларына жетет деп ишенебиз.

Ошону менен бирге, транспорт жана коммуникациялар жаатындагы негизги долбоорлор жана аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу маселелери боюнча пикир алмаштык», — деди Садыр Жапаров.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапарынын алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтүүдө.

 

301