7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду

683

Бишкек шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, кол коюлган документке ылайык, тараптар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2022-жылдын 26-майында Кыргызстанга боло турган расмий сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өкмөттөр аралык кеңеш Кыргызстандын жана Казакстандын ыйгарым укуктуу органдарына экономиканын артыкчылыктуу тармактарында келечектүү инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү жолу менен инвестициялык кызматташууну активдештирүүнү тапшырды.

Тараптар «Ак-Тилек» (Кыргыз Республикасы) жана «Карасу» (Казакстан Республикасы) автожол өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгууну жана аталган аймакта, ошондой эле тараптардын эркин экономикалык зоналарында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү кызматташтык алкагында тараптар маалымат технологиялары, коммуникация, электрондук өкмөт, ошондой эле IT адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Ошондой эле кеңештин кезектеги 11-отурумун 2023-жылы Казакстан Республикасынын аймагында өткөрүү макулдашылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684