Кыргыз-Кытай маданий кызматташтыгынын алкагында концерт өттү
12
8-декабрда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган «Жибек жолу сүйүүсү менен: Кытай обондору» аттуу ири концерт ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу жаштар Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кыргыз улуттук «Манас» театрында орун алган бул маданий иш-чарага 12 адамдан турган кытайлык делегация катышып, көрөрмандарга чыгыш менен батыш ыргагын айкалыштырган музыкалык программасын тартуулады.
Концертте түрдүү ырлар, инструменталдык чыгармалар жана заманбап аранжировкалардан турган кооз ансамбль сунушталып, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Иш-чаранын башкы максаты — кыргыз жана кытай элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө, маданий алмашууну тереңдетүү жана чыгармачыл кызматташтыкты кеңейтүү болду.
Иш-чарага министрдин орун басары Марат Тагаев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Сунь Дапэн катышып, маданий байланышты өркүндөтүүгө багытталган мындай долбоорлорду колдоого даяр экендигин баса белгилешти.