7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде координациялык кеңешме өткөрүлдү

350

23-январда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жана УКМК кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери боюнча жолугушуусу болуп өттү.

Аталган иш-чара Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен уюштурулду. Иш-чарага 150 адам, окутуучулар, кызматкерлер, студенттер, институттардын жана колледждердин директорлору, ошондой эле филиалдардын жетекчилери катышты. Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдүн алкагында коррупция менен күрөшүүгө багытталган чараларды түшүндүрүү болду. Тагыраагы, кызматкерлерге коррупциялык схемаларга аралашпоо тууралуу эскертүү берилди.

Иш-чаранын соңунда УКМК кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ар бир жаранда жоопкерчилик болуусу керектигин белгилешти. Ушундай эле иш-чаралар университеттин башка кампустарында да өткөрүлүп, билим берүү мекемелериндеги адилеттүүлүк жана ачыктык принциптерин бекемдөө талабы коюлганы айтылды.

 

351