7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек ара чыры. Бишкекте гуманитардык жардамды кабыл алуу пункту ачылды

826

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун имаратында гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды.

«Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүнү каалаган мекеме-уюмдардан жана жеке адамдардан түшкөн көптөгөн кайрылууларга байланыштуу Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун имаратында гуманитардык жардамды чогултуу, даярдоо жана жөнөтүү боюнча бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылгандыгын маалымдайбыз.

Жардам берүүнү каалагандар Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун имаратында ачылган гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуна кайрылса болот»,-деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: макарон, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз, жеке гигиена буюмдары, балдар үчүн буюмдар (памперстер)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

827