7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу

746

Бүгүн, 21-сентябрь саат 09:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снарядтардан жана башка жардыргыч заттардан табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747