Бүгүн, 21-февралда Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болуп өттү.
Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери топографиялык жумушчу топтордун жетекчилеринин жана Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жетекчилеринин маалыматтарын угушту жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыктоочу документтерин тариздөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктарын бекитишти.
Тараптар төмөнкү долбоорлорду бекитти:
— Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
— Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Тажикстандын Өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
Тараптар ошондой эле тиешелүү эки тараптуу эл аралык келишимдерди мамлекет ичинде макулдашуу жол-жобосун баштоого тапшырма беришти. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.