7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 42 адамга жетти

675

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны саат 15.00гө карата 42ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түшкөн. Алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек ЖДПБда, 5 жабырлануучу Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилди.

«Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Ошондой эле Улуттук госпиталдын нейрохирург, жалпы хирург, кан тамыр хирургу, анестезиолог-реаниматолог, торакалдык хирург, орто медкызматкерлерден турган үч медициналык бригада жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткенге учуп кеткендигин маалымдайбыз»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676