Бүгүн Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди санариптештирүү жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан “Айтил” улуттук платформасынын бет ачары өттү.
Иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөлөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, “Айтил” платформасы «2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын» алкагында иштелип чыгып, негизги төмөнкү функцияларды камтыйт:
— Текстти үнгө айландыруу – текстти табигый үндө окуп берет;
— Үндү текстке айландыруу – маек, баяндамаларды автоматтык түрдө текстке өткөрөт;
— Котормо кызматы – он тилден кыргыз тилине жана кыргыз тилинен он тилге которуу мүмкүнчүлүгү;
— Чат-бот – акылдуу жардамчы, кыргыз тилинде маалымат берет, суроолорго жооп кайтарат;
— Видео котормо кызматы – шилтеме аркылуу платформа видеону чечмелеп, мамлекеттик тилде котормону даярдап берет;
— Кыргызча OCR — Документ жана сүрөттөн кыргыз тилиндеги текстти даярдап берет.