7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз тилиндеги эки жаңы 3D анимациялык мультсериалдар жарык көрдү

535

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы кичинекей көрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн «Амантай менен Айтуяк» жана «Быйтыктар» аттуу кыргыз тилиндеги эки жаңы 3D анимациялык мультсериалдарды даярдады.

Бул долбоорлор Кыргызстанда 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында ишке ашырылды. Мультсериалдар жаш балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана аларга пайдалуу билим берүүгө багытталган.

Тасмалар жакынка арада УТРКнын “Баластан” телеканалы жана киностудиянын “Кыргызфильм анимация” ютуб-каналы аркылуу көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

«Кыргызфильм» улуттук киностудиясы жана “Карек” балдар киносунун фонду тарабынан өндүрүлгөн «Амантай менен Айтуяк» мультсериалы 8 бөлүмдөн турат жана 1 жаштан 3 жашка чейинки балдар үчүн атайын даярдалган.

 

536