7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз-япон достук мамилесин чыңдоодо маанилүү ролду ойногон». Президент Синдзо Абэнин каза болгондугуна байланыштуу япон элине көңүл айтты

791

Президент Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисидага өлкөнүн экс-премьер-министри Синдзо Абэнин трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Жеке мени, Кыргыз Республикасынын бардык элиндей эле, бул кабар түп-тамыры менен нес кылды. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң жоготуу. Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнө салды. Синдзо Абэ масштабдуу инсан болгон, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү жана зарыл экендигинин таасын үлгүсү болгон. Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары Абэ мырзанын жаркын элеси сакталат. Аны жоготуу аны билгендердин бардыгы үчүн орду толгус. Кыргызстандын эли Япония эли менен бирге аза күтөт»,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792