«Кыргызкөмүрдүн» директору Канатбек Ашырбаев 3-октябрга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, токтом кечээ, 5-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылган.
«Шектелүүчү Канат Ашырбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 3-октябрь күнүнө чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна киргизилди», — деп берилет маалыматта.
Эске салсак, 3-августта«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашинбаев жана «Кара-Кече» филиалынын бухгалтери «Д.Р.Э.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен. Алар пайда көрүү максатында «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн.
«Кыргызкөмүрдүн» директору менен бухгалтери коррупцияга шектелип кармалды